51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Келечекке көпүрө” Багыт алуу программасы 2026

12&Բ;августа&Բ;2026

Биринчи курстун студенттерин окууга өтүшү менен куттуктайбыз! Сиздер абдан чоң эмгек жасадыңыздар, кабыл алуу сынактарын ийгиликтүү тапшырып, Кыргызстандын мыкты университетине окууга кирдиңиздер! Алдыда көптөгөн жаңы жана кызыктуу көз ирмемдер күтүүдө, ар бир күн жаңы чакырыктарды, долбоорлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү тартууламакчы.

Салтка айлангандай, биринчи курстар үчүн окуу жылы Багыт алуу программасынан башталат. Быйыл анын темасы: “Тил жана ой жүгүртүү - Келечекке көпүрө”. Программанын алкагында БААУда билим алуунун чыгармачылык жана ар тараптуу кызыкчылыктар айкалышкан дисциплиналар аралык жана интенсивдүү ыкмалары менен таанышасыз. Окутуучулар жана ыктыярчылар сизге университеттин Борбордук Азияда либералдык билим берүүнүн салттарында карманган уникалдуу жана интеллектуалдуу каныккан атмосферасын сезүүгө жардам беришет.

Багыт алуу программасы университеттик жашоо боюнча укмуштуудай саякаттын алгачкы кадамы болмокчу. Бул университет менен таанышуу, жаңы досторду табуу, БААУнун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат алуу жана унутулгус таасирлерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү.

Эске салсак, бардык биринчи курстун студенттери БААУнун кампусунда дүйшөмбү күнү, 17-августта саат 8:00дө болууга тийиш!

Багыт алуу программасынын жүгүртмөсүн сайттан көрүп алууга болот: https://auca.kg/en/acad_orientation_program_schedule/.

Биз Багыт алуу программасы 2026нын башталышын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Ага чейин өткөн жылкы Багыт алуу программасынын жаркын учурлары менен атайын сүрөттөрдөн таанышып алууну сунуштайбыз.

<< Назад к списку